У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өгөй атасын балталап өлтүргөн 30 жаштагы жаран кармалды


22-октябрда таңында Аламүдүн районунда үрөй учурган кырсык катталды. Маалым болгондой, 30 жаштагы жаран өгөй атасын балталап өлтүргөнүн Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-октябрда таңкы саат 04:00 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына Арашан айылында жайгашкан үйлөрдүн бириндеги киши өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 21-октябрда 65 жаштагы К.А. (мас абалда болгон) аттуу жаран менен өгөй баласы урушуп, өгөй баласы аны балта менен бир нече жолу чапканы маалым болгон. Жаракаттын кесепетинен атасы ошол жерде көз жумган.
Кылмыш иш боюнча 30 жаштагы С.К. аттуу жаран шектелип кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter