Гарри менен Меган королдук үй-бүлөнүн атынан акыркы ирет салтанатка катышты
- 12.03.2020, 09:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл 9-март күнү королдук үй-бүлөнүн атынан эң акыркы ирет эл алдына чыгышты.
Түгөйлөр жыл жаңыраар алдында падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктарынан баш тартышкан. Буга үй-бүлөдөгү ич ара таарынычтар себеп болгон. Алар мындай олуттуу чечими тууралуу өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышкан.
"
Бир нече ай бою ойлонуп-толгонуп отуруп жаңырган жылдан тарта монархиянын ичиндеги ролубузду акырындык менен жаңылоону чечтик. Биз падышалык үй-бүлөнүн жогорку даражадагы мүчөлөрү макамынан четтеп, финансылык жактан көз карандысыз болууну көздөйбүз. Ошол эле учурда ханышаны толугу менен колдойбуз", — деп жазылган билдирүүдө.
Эки жаштын мындай чечимине дүйнө эли таңыркаганын токтото элек. Бирок түгөйлөр жөн отурбай өз алдынча иш алып бара башташты.
Алардын падышалык үй-бүлөнүн атынан эң акыркы жолу салтанатка катышуусунан кийин саясий эксперттер Меган менен Гарринин кадыр-баркы эл арасында мурдагыдан да өскөндүгүн айтып жатышат. Себеби Меган үй-бүлөлүк таарынычтардан улам алардын катарынан кеткенине карабай кайын-журтуна ийилип учурашып, ар бирине сылык мамиле кылган.
Тилекке каршы Гарринин улуу агасы ханзаада Уильям жана жеңеси Кейт Миддлтон түгөйлөргө салкын мамиле кылгандыгын дүйнөлүк басылмалар жазышууда. Айрым маалыматтар боюнча абысындардын тил табыша албаганынан улам бир туугандар бири-бири менен сүйлөшпөй калышкан.