Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл өз алдынча турмушун ийгиликтүү башташты
- 16.02.2020, 17:11,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл жаңы жылдын башталышы менен падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктарынан баш тартышкан. Мындай чечимге жаш үй-бүлөнүн өз алдынча ийгиликке жеткилери келгени себеп болгон. Үй-бүлө өз алдынча түтүн булата баштаганы ар бир кадамына көз салып, качан, кайдан коомчулукка чыгат, эмне менен алек болуп жатышат деп элеп-желеп болгондордун деми басылды. Дегеним, үстүбүздөгү жылдын 14-февралында түгөйлөрдүн АКШдан Канадага конгон учурдагы сүрөтү жарыяланды. Айрым маалыматтарга караганда үй-бүлө АКШга ишкердик жолугушуу үчүн барышкан. Ал эми интернет колдонуучулары сүрөттөргө караганда эркин турмушта жашоо түгөйлөргө жарашыптыр, иш сапарлары ийгиликтүү болгон окшойт деп божомолдошууда.
Пикир калтыруу
- Бүгүн
- Көп окулгандар
- Талкуу
Соц.Тармак