У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тарыхый чечимден кийин эл алдына чыккан Гарри жана Меган


 
Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тарткандан бери биринчи жолу эл алдына чыгышты. 
 
Алар кечээ, 5-мартта королдук үй-бүлөнүн атынан акыркы жолу Лондондо өткөн расмий кечеге катышты.  Ал эми падышалык үй-бүлө менен бирге катышчу финалдык кече 9-мартта болот. Ал кечеге ханзааданын чоң энеси Елизавета II да катышат. 2020-жылдын 31-мартынан тарта жубайлар падышалык үй-бүлөнүн атынан бир дагы кечеге катыша алышпайт жана көпчүлүк убактыларын Канадада өткөрүшөт. 
 
Түгөйлөрдүн мындай чечими дүйнө элин эле эмес, падышалык үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн күйгүлтүккө салды. Ханзаадага бир эсе боору ооруса, бир чети кубангандар арбын. Падышалык милдеттерден баш тартууларынын негизги себептеринин бири катары ханзааданын жубайынын ак сөөктүн тукумунан эместиги жана рассалык бөлүнүү себеп болгонун дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter