Ошто Сулайман-Тоодон боюн таштаган жаш кыз каза болду
- 05.11.2020, 10:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ошто жаш кыз Сулайман-Тоодон секирип каза болгону айтылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар билдирди. Каргашалуу окуя бир нече күн мурун болгону белгилүү болду. Маркумдун өздүгү азырынча тактала элек.
«Кыз болжол менен 20-25 жаштар чамасында. Окуя тууралуу тез жардам тобу 30-октябрда полицияга кабарлашкан. Алар маркум тоодон секирип кеткенин билдиришкен. Экспертиза дайындалды », - деп билдиришти редакциядан.