Токмокто 15 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн боюн таштап каза болду
- 11.06.2020, 14:00,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Токмокто курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 15 жаштагы кыз боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, боюн таштап каза болгон кыз 3 күн мурда үйүндөгүлөргө таарынып, үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
7-июнда кызын издеп, атасы милицияга кайрылган. 10-июнь күнү изделип жаткан кыздын өзүн өзү өлтүрүүсү боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.