Курсан Асановдун тарапташтары УКМКнын алдына чогулушту
- 31.10.2020, 16:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 31-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында Курсан Асановдун бошотулушун талап кылгандар митингге чыгышты.
29-октябрда Бишкек шаардык сотунда "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси алкагында кармалган Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Ага ылайык, Асановго карата биринчи инстанциядан чыгарылган чечим күчүндө калтырылган.
Эске салсак, 12-октябрда Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган.