У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент: "Тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жетти"



Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгуусуна мезгил жетти. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков парламентте кайрылуу жасап жатып билдирди.

“Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт. Республикалык штабдын мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгуусуна мезгил жетти. Ар бирибиз жоопкерчилик менен аң-сезимди өзгөртпөсөк, илдетти жеңүү мүмкүн эмес”, — деди мамлекет башчы.

Мамлекет башчы акыркы убактарда массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатканын баса белгилеп:

“Калкыбыздын ден соолугуна кайдыгер болуп душмандык жасабайлы. Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер той өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык! Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин мээнетине жасалган кыянатчылык!” — деп сыппатады Жээнбеков.
Аны менен катары президент Республикалык штабдын, жергиликтүү бийликтин мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акысы жок экенин кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter