Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо 20 -декабрга белгилениши мүмкүн
- 16.10.2020, 13:35,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеӊештин депутаттарын кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Мыйзамга ылайык кайра шайлоо эки айдын ичинде өтүшү керек. Боршайком парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындоону туура көрүүдө.