У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экинчи толкун жакындагандай. Кайрадан ыктыярчыларды топтоо башталды


Акыркы 10 күндөн бери өлкөбүздө коронавирустун күч алып бара жатканы кескин байкалууда. Буга байланыштуу "Кызыл жарым ай" коому ыктыярчыларды топтой баштады. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эгерде ким ыктыярчы болууну каалап, жардам бергиси келсе "Кызыл жарым ай" коомунун жакын жердеги кеңселерине кайрылса болот. Аталган уюм ыктыярчыларга негизги төмөнкү талаптарды койду: 18 жаштан 45 жашка чейинки жарандар болушу керек, иммунитети күчтүүлөр жана жабыркагандарга чындап жардам берүүнү каалагандар.

"Азыркы кырдаалда биздин биргелешкен иш-аракеттерибиз өлкөнүн муктаждыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин түшүнүү керек. Бардык өзгөрүүлөргө даяр болушубуз керек", -деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter