У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгер: "Эгер вакцина табылып калса, коронавирустун экинчи толкуну жеңил өтөт"


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүн деген божомолду таратып, дүйнө элин сак болууга чакырган. Ошондон тарта элдин үрөйү учуп, экинчи толкун тууралуу  түрдүү кептер тарап  жатат.

Эгерде күзгө чейин вирустун вакцинасы табылып калса кооптонууга негиз жок экенин  Россиянын Борбордук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Екатерина Трифонова маалымат булактарынын бирине берген маегинде айтты. 

"Экинчи толкун кандай болору жана ага кандай чектөөлөр киргизилери вакцинанын бар-жогуна байланыштуу. Эгерде вакцина табылса, калктын иммундук системасы бекемделип, алар ээн-эркин жүрүшүнө чектөөлөр коюлбай турганы айкын", — деген Трифонова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter