У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирусолог: «Коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну болбойт»


Коронавирустун экинчи толкуну болбойт. Вирус ушул жылдын аягында жер жүзү боюнча толугу менен жоголот. Бул тууралуу 420ON.cz. маалымат агенттигине Tilia чехиялык лаборатиясынын башчысы, COVID-19ду изилдеп жаткан эң мыкты вирусологдордун бири Сони Пекова билдирди.
 
Сони Пекованын айтымында, COVID-19 жаңы жылга чейин толугу менен жоголот. Себеби, вирус өзүн мезгилдик респиратордук оору катары алып жүрбөйт.
 
“Мен экинчи толкун болот деп ойлобойм. Биздин өлкө вирусту жеӊдик. Болгону оору чыгып жаткан жерлерден гана оолак болууга чакырам. Биз өлкөбүздө коронавирустун жайылышынын биринчи толкуну болду деп айта албайбыз. Толкун – бул бардык жарандардын илдетке кабылуусу. Чехияда жарандардын баары ооруп калган жок”, - деди вирусолог.
 
Ошондой эле, Tilia лабораториясында акыркы бир айдын ичинде коронавируска чалдыккан бир да учур катталган жок. Жалпысынан мекеме беш миңге жакын үлгүлөрдү изилдеп чыкты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter