У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Толкун Осмонкулова, медайым: “Кесибим өзүмө абдан жагат”


Ар ким өз кесибин сүйүп, иштин майын чыгара иштегенде гана кайсы гана тармак болбосун өнүгүү жолуна түшмөк. Өз ишинин чебери, өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн медицина тармагына арнап келе жаткан Бишкек шаарындагы №18 үй – бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Толкун Осмонкулова  менен маек курдук.

-  Толкун айым, медицина тармагында канча жылдан бери эмгектенесиз? 
- Өзүм Чүй областына караштуу Москва районунун Кепер-Арык айылында жарык дүйнөгө келгем. Орто мектепти аяктагандан кийин ФМУга  тапшырып 1986-жылы аяктадым. Эмгек жолумду  Улуттук онкология борборунан баштадым. Ал жакта 3 жыл иштеген соң, Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда кызмат кылдым. Андан соң   №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна келип иштеп жатканыма быйыл туура 18 жыл толду. Өзүмө кесибим абдан жагат. Өмүрүмдүн , убактымдын көбүн ушул ишке арнап, сүйүү менен кыйынчылыктарга карабай иштеп келе жатам.

- Сизге жол көрсөткөн адамдар тууралуу айта кетсеңиз? 
- Мага Батма аттуу эже, Светлана Яковлевна жол көрсөтүп, иштин көзүн айткан адамдар болушту. Мен аларга чексиз ыраазычылыгымды билдирем.

- Медайым болгусу келген жаштарга айтаар кеңешиңиз? 
- Негизи эле бул ишти аркалаган адамдар бейтаптарга өзгөчө мамиле кылган, адамдар менен бат тил табыша алган, өз ишине тың, тазалыкты сүйгөн адамдар болсо дээр элем. Бизге келген практиканттарга билгендерибизди үйрөтүп, колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Буйруктарды окутуп, кайра аларды сурап аттестация алабыз. Көп нерселерди үйрөткөнгө аракет кылабыз.
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter