Алмаз Орозалиев шаардын аймагында өзгөчө абал режимин узартууну сунуштады
- 12.10.2020, 13:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганын. Ошондой эле ал коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаарынын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды.