У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев, «Карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү»



Карантин учурунда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 24-апрелде Бишкек шаарындагы коменданттык абал туурасында маалымат берип жатып билдирди. 
 
«Белгилей кетчү жагдай, өзгөчө абал учурунда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өсүп кетти. Өткөн жылга салыштырмалуу бул факт 61, 7 пайызга өскөн. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 24-марттан 23-апрелге чейин 100 факты катталса, бүгүнкү күндө 162 факты катталды»,- деп билдирди Алмаз Орозалиев. 
 
Ал элге кайырылып, бул оор күндөрдүн өтөрүн айтып, элди ынтымакка чакырды. 
 
«Азыр баарыбыз үйдө отурабыз. Абалды түшүнүү менен кабыл алып, үй-бүлөӊөрдү зомбулуктан сактагыла. Бул оор күндөр да өтөт. Жакында жакшы жашоого багыт алабыз, андыктан үй-бүлөӊүздөрдү ур-токмоктон коргоп, ынтымактуу болуӊуздар»-, деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter