Казакстан кайрадан авиакаттамдары токтотуу ниетин билдирди
- 01.10.2020, 18:05,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Эми эле сыртка каттай баштаган Казакстандыктар кайрадан авиакаттамдарды токтотуу ниетин билдиришти. Коңшу мамлекеттин саламаттык сактоо министри Алексей Цой COVID-19 боюнча кырдаал оорлошуп жатканына байланыштуу чек өлкөлөр менен аба каттамдарды чектөөнү сунуштады. Бул туурасында казак басылмалары жазышууда.
Ал өкмөттүн жыйынында 5-октябрдан тарта башка өлкөлөр менен авиакаттамдарды жандантпай жана учурдагы каттамдардын санын көбөйтпөй туруу керектигин айткан. Ошондой эле Түркияга каттаган учактардын санын кыскартууну сунуштап жатканы белгиленет.