У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тагдыр: Апам Түркияга кетип, турмушка чыгып алганын эми билдим...


Атам менен апам ажырашып, экөө эки башка турмуш куруп алганын эми билдим. Мени кичинекей, али турмушту түшүнө элек деп айтышпаптыр. Атам менен апам мен 3-класска баргыча чогуу эле жашашчу. Кийин мен жатак мектепке которулдум. Апам Түркияга иштеп кетти.

Үйүбүз жок, батирде турчубуз. Апам Түркияга кеткенде атам башка батирге көчтү. Мен болсо жатак мектепте 5 күн окуп, 2 күн эс алуу болгондо тай энемдикине барчумун. Каникулдарда апам келчү. Атам деле баштагыдай келип, учурашып, эч нерседен кем кылбай керектүү нерселеримди алып берип турчу.

Апам үй сатып алалы, барам деп көп айтчу. Жакында эле Бишкектен үй сатып алып, мага жаздырды. Мектепти аяктаар алдында паспорт алышым керек болгондо гана атам менен апам ажырашып кеткенин айтышты. Эмнеге ушуга чейин менден жашырышканына акылым жетпейт.

Көрсө, апамдын Түркияда, атамдын бул жакта үй-бүлөлөрү бар экен. Алар апам Түркияга кетээр жылы эле бул чечимди кабыл алышып, мага катуу тийбесин деп унчукпай жүргөндөрүн айтышты. Ушунчалык журөгүм ооруп турат. Ушунча жыл менден жашырып, үй алсак эле чогуу жашайбыз деп келишкенине бир чети ыраазымын. Ажырым жолдо жүрүшсө да мени экөө тең асырап багып келе жатышыптыр. Бирок экөөнүн эки аралда калып калганына ичим туз куйгандай ачышып турат...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter