Алматы-Бишкек-Алматы багытындагы каттамды «Эйр Астана» аба компаниясы жүргүзөт. Каттам аптасына эки жолу: шейшемби жана жекшемби күндөрү болот. Ал эми Орусия менен туруктуу каттамдар жандана элек.
Учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосунда чартердик каттамдар гана жүргүзүлүүдө. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, алар төмөнкүлөр:
Бишкек-Москва («Аэрофлот», «Урал аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына 12 каттам;
Бишкек-Новосибирск («Сибирь аба жолдору» жана «Авиа Траффик») - жумасына беш каттам;
Бишкек-Екатеринбург («Авиа Траффик», «Урал аба жолдору») – жумасына үч жолу;
Бишкек-Санкт-Петербург («Урал аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына эки каттам;
Бишкек – Сургут («Авиа Траффик») – жумасына бир жолу;
Ош – Москва («Аэрофлот», «Урал аба жолдору», «Авиа Траффик» жана «Сибирь аба жолдору») – жумасына 13 каттам;
Ош – Новосибирск («Сибирь аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына алты каттам;
Ош - Екатеринбург («Урал аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына төрт каттам;
Ош – Сургут («Авиа Траффик») – жумасына бир каттам;
Ош – Иркутск («Авиа Траффик») – жумасына бир каттам; Ош – Красноярск («Авиа Траффик») – жумасына эки каттам.