Жаштар да добуш сатууга каршы. Беловодскийде жаштар "Добушуңду сатпа" аттуу иллюстрациялык сүрөттөрдү жаратышты
- 01.10.2020, 12:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүйдүн Москва районундагы Беловодск айыл аймагынын жаштары кайдыгерликке каршы демилге көтөрүшүп, иллюстрациялык сүрөттөрдү тартышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаштар демилгечил тобунун лидери Айдай Аскарова билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы өлкөдө «Жаш аракет» долбоору түзүлүп, ага Беловодск айыл аймагынан 8 улан-кыздар мүчө болгон. Алар коомдогу терс көрүнүштөргө кайдыгер мамиле кылып, четте карап туруп албай, "добушуңду сатпа" деген сүрөттөрдү жаратып, элдин аң-сезимине таасир этүүнү туура көрүшкөн.