Активисттер илген "Добушуңду сатпа", "Сатылба" деген жазууларды алып салышты
- 22.09.2020, 11:18,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ активисттер Бөкөнбаев-Манас, Совет-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн көпүрөлөрүнө жана Алматы көчөсүнүн жээгине "Добушуңду сатпа", "Саткын болбо", "Сатылба", "Эркиндиктин баасы 1000-5000 сом" деген жазууларды кадимки боёк менен ак кездеме жазып, илишкен.
Алардын бири Бексултан Үсөналиевдин айтымында, бүгүн ал жазуулардын бири да жок. Укук коргоо кызматкерлери жазуулардын бирин Бөкөнбаев-Манас көчөсүндөгү көпүрөдөн алып салышты, калгандарын ким алып салганы белгисиз.