У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү ирет сунушталды


Сейрек кездешкен жапайы жаныбарларды атууга убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору ушуну менен үчүнчү ирет сунушталууда. Жогорку Кеңеште кайберенге аңчылык кылуу мыйзам долбоору кайрадан көтөрүлдү.

Бул тууралуу "Жашыл" экономикага өтүү боюнча ЖКнын Коомдук кеңеши 19-июнда, саат 10:30да парламенттин жыйындар залында коомдук угуу өткөрөт. "Туяктуу жаныбарлардын азайышына кайдыгер эмес жарандардын, экологдордун, активисттердин кайрылуусунан улам Коомдук кеңеш тарабынан 2022-жылдан тартып 5 жылга аңчылыкка тыюу салуу мыйзам долбоорун кайрадан киргизүү боюнча чечим кабыл алынган. Демилге жаштар жана интернет-коомчулуктан кеңири колдоо таап, https://www.change.org порталына петиция түзүлүп, жети айдын ичинде 8000ге жакын адам кол койгон", — деп жазылат маалыматта.

Мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин сайтынан таанышууга болот.
Белгилей кетсек, сейрек кездешкен бир катар жаныбарларга аңчылыкка убактылуу тыюу салуу мыйзам долбоору 2016-жылы да көтөрүлүп, депутаттар колдогон эмес. 2019-жылы октябрда кайра каралып, анда дагы өтпөй калган. Аны менен катар демилгеге өкмөт дагы каршы корутунду берген. Бул ирет дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү менен үчүнчү жолу сунушталып жатат.

Документтин авторлору депутаттар Экмат Байбакбаев, Эмил Токтошев, Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Бакирдин Субанбеков. Алар Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу, доӊуз сыяктуу жапайы жаныбарларды атууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter