У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Буту кесилип, сөөктөрү сынып...Тажикстанда 5 айдан бери дайынсыз болгон кыздын денеси үңкүрдөн табылды



Тажикстанда апрель айынан бери дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси үңкүрдөн табылды. Маркумдун денесин  сөөктөрү сынган жана бир буту таптакыр жок абалда табышкан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, маркумдун үй-бүлөсү анын жоголушу боюнча тергөө иштерин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жээни Умеджон Нуриддин жеке көзөмөлүнө алгандан кийин башталганын билдирген. Издөө иштеринин жүрүшүндө кыздын телефонунан сигнал аныкталып, кылмышка шектүү катары таксист бала кармалган. Ал күнөөнү моюнуна алып, жансыз денени үңкүргө катып салгандыгын айткан.

Кыздын апасынын айтымында, маркумдун телефонунун сигналы бир нече жолу алардын үйүнүн айланасынан байкалган. Кийинчерээк кылмышка шектүү тергөө иштери кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн алардын үйүн акмалап жүргөндүгү белгилүү болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter