Чүйдө 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
- 08.09.2020, 11:19,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
(Иллюстрациялык сүрөт)Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыздын жансыз денеси кум карьеринен табылган. Маркумдун аты-жөнү аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кыз буга чейин көп жылдардан бери эпилепсия менен ооруп, каттоодо турчу экен. Учурда бул иш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет", - деп билдиришти башкармалыктан.