У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Трассада эки велосипедчен адамды коюп кеткен айдоочу 8 жылга эркинен ажыратылды


Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен трассада эки велосипедчен адамды коюп кеткен айдоочу сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Чүй облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өкүмдү кечээ, 9-сентябрда, Сокулук райондук соту чыгарган.
"Айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Өкүмгө ылайык, айыпкер кырсыктан каза болгон Евгений Требунскийдин үй-бүлөсүнө 286 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми Илья Сидоровдун жакындарына 194 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым бериши шарт", — деп айтылат маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter