У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кочкордогу өз аялын мыкаачылык менен өлтүргөн жаран болгону 10 жылга эркинен ажыратылды


Нарын облусунун Кочкор районунда өз жубайын мыкаачылык менен өлтүргөн факты катталып,  37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылган. 2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Жерине барган ыкчам топ Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келин каза болуп калгандыгын аныкташкан. Ал эми шектүү катары келиндин күйөөсү кармалган.

Бүгүн, 7-август күнү Нарын облустук соту айыпталуучу 10 жылга эркинен ажыратылганын билдирди.

"12-майда Кочкор райондук соту 110 миң сом айып салуу менен айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу тарап буга макул болбой апелляциялык арыз менен Нарын облустук сотуна кайрылган. Ал эми 4-августа Нарын облустук соту Кочкор райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды", - деди басма сөз кызматынан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter