У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялын сабап, ажырашкандан кийин да тынчтык бербеген жаран 6 жылга эркинен ажыратылды


Кара-Көл шаардык соту үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталган жаранды алты жылга эркинен ажыратты. Өкүм 16-апрелде чыккан. Укук коргоочулар бул тууралуу 21-майда кабарлашты.

Эркек киши аялына карата зомбулук жасаганы үчүн буга чейин да соттолгон. Ажырашып кетсе да тынчтык бербей, коркутуп-үркүтүп жүргөн. Кылган ишине айыппул төлөшү керек болчу. Бирок ал өкүмдү аткарган эмес. Ошондуктан апрелде өткөн сот бир нече кылмыштын жыйынтыгын чыгарган.

«Бул ишти караган судья – «Ден-соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган буюмдарды колдонуу же колдонуу аракети менен бейбаштык»; «Соттун айыптоо өкүмүн аткарбагандыгы»; «Үй-бүлөдөгү зомбулук» кылмыштарынын жыйындысын чыгарган», — деп маалымдашат  «Справедливость» уюму.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter