У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алды асынып, арты инсульт алып...Балыкчынын эли акча пирамидасын түзгөн шылуундардан улам жабыр тартууда



Балыкчы шаарынын эли акча пирамидасы аркылуу карапайым калктын кызылдай акчасын 2 эсе көбөйтүп беребиз деп чогултуп алып,  ошол бойдон куйругун түйүп кеткендердин азабын тартышууда. Алдангандардын арасында үйүн коюп насыяга акча алгандар, өздөрү эле эмес, туугандарынын баарын көндүрүп акча салдыргандар бар. Шаардын тургундарынны айтымында акчасын күйгүзгөндөрдүн алды өзүнүн өмүрүнө кол салса, арты инсульт алып бир жак ыптасы кыймылдабай калгандар да бар.

"Балыкчыда эле эмес, жакын турган айыл-кыштактардагы карапайым элдин баары келип акчасын салышкан. Айрымдары акчабызды көбөйтөбүз деп насыяга акча алгандары да. Алдабайбыз, документтерибиз бар деп жүздөгөн элдин акчасын алышкан. Азыр көбөйтмөк тургай өз акчабызды бербей, WhatsApp группадан жооп жооп жазбай, дайынын таптырбай жатат. Күйүп жаткан элге болсо арыз жазсаңар акчаңарды кайтара албайсыңар деп коркутуп жатат" дейт атын атагысы келбеген, акчасын алдаткандардын бири. 

Анын айтымында буга чейин акча пирамидасы деп элди алдаган 8 аял кармалып, тез эле үй камагына бошотулган, элдин акчасын кайтарып берген эмес. 

"Буга күч органдарынын да катыштыгы бар болушу мүмкүн. Такыр реакция жок, реакция кылса да тез эле чыгарып салып жатышат, элдин да акчасын кайтартып беришкен жок. Ушунча элдин убал-сообу кимге? 10 миң сом бери эле жагы, 100-200 миңден акча салгандар эмне болот?" дейт ал.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter