У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балыкчылыктардын башын айлантып, финансы пирамидасын түзүп, алдап кеткен 7 аял колго түштү


Балыкчы шаарында финансылык пирамида түзүүгө шектелген жети аял кармалды. Алар 10 миллион сомдон ашык пайда көргөн. Бул тууралуу  Ысык-Көл ОИИБ кабарлады.
 
Маалыматка ылайык, милицияга пирамида тууралуу алданып калгандар билдиришкен.
 
"Жабыркагандардын айтымында, алар үлүшчү катары акчаларын Балыкчыдагы "Ырыскы" жана "Ак куу" аталышындагы финансылык уюмдарга беришкен. Уюштуруучулар элге каражат инвестиция кылышса, ири пайызда үстөк төлөп берерин айтып ишендиришкен", — деп айтылат маалыматта.
 
Түшкөн арыздардын бардыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 214-беренеси ("Каржы пирамидаларын уюштуруу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. 
 
Анын натыйжасында каржы пирамидасын уюштурган деп Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну Зульфия, 28 жаштагы Алина, 38 жаштагы Жазира, 31 жаштагы Чынара, 35 жаштагы Асель, 51 жаштагы Гүлмира жана 55 жаштагы Атыркүл аттуу аялдар кармалган.
 
Ал эми 18-август күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү аялдар эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter