Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 65% аяктады
- 05.09.2020, 11:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарында жаңы инфекциялык оорукананын курулушу 65% бүтүп калды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 100 орунга эсептелген объекттин курулушу төрт блоктон турат. Курулушта 105 жумушчу иштеп жатат. Имараттын курулушуна тез тургузулуучу каражаттар колдонулууда. Аны курууга Аймактарды өнүктүрүү фондунун эсебинен 60 миллион сом бөлүнгөн.