У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарындагы таштанды ылгоочу заводдун курулушу быйыл аяктабайт

 
Бишкек шаарындагы таштанды ылгоочу заводдун курулушу быйыл аяктабайт. Бул тууралуу "Бишкек шаардык санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди.
 
Маматовдун айтымында, коронавирус пандемиясынын айынан тендердин экинчи этабы 15-июнь күнү болуп өттү.
 
Эске салсак, 2019-жылдын апрель айында завод куруу боюнча тендер жарыяланган эле.  
 
Таштанды полигону жана таштанды ылгоочу заводдун курулушуна жалпысынан 22 миллион евро сарпталмакчы. Каражатты Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бөлөт. 11 миллиону гранттык негизде, калганы 20 жылга эки пайыздык үстөгү менен насыя иретинде берилет.
 
Буга чейин Бишкек мэринин орун басары Мирлан Амантуров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, таштанды полигону менен заводдун курулушу ушул жылы аяктарын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter