У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарында жаңы оорукананын курулушу башталды


Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. Курлуштун пайдубалын түптөө иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов катышты. 
 
«Пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүн. Биз азыртан ага даярдык көрүп,  жаңы оорукананын курулушун тез, ошол эле учурда сапаттуу бүткөрүшүбүз керек. Бул медициналык жай интенсивдүү терапиясы жана реанимациялык орундары менен болот», – деди Өкмөт башчы. 
 
Ош шаарында пайдубалы түптөлүп жаткан жаӊы оорукана Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен курулат. Ошондой эле Кубатбек Боронов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын абалы менен таанышты. Премьер-министр багыты өзгөртүлүп, медициналык мекеме болуп жасала турган имаратты оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter