У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Кыргызстан» шайлоодон чететилбесе чоң жаңжал чыгат…


"Кыргызстан" партиясы документтерин 18.00гө чейин алып келбегени видеодо ачык көрүндү. Каттоо журналын да оңдоп салышкан. Документ алып келген адамдын кол коюлган эмес. Демек, ток этээр жерин айтканда "Кыргызстан" шайлоодон четтетилиши керек.

Эгер мыйзам бузулганына карабай "Кыргызстан" каттоодон өтсө, БШК мыйзам бузган болот... Коомчулукта Исаев БШКны сатып алган катары кабылданат. Натыйжада, шайлоонун жыйынтыгын эч ким тааныбайт... Шайлоо мыйзамсыз болот. Чоң жаңжал чыгат. 

Андыктан БШК төрайымы Шайлдабекова «Мыйзам буйлаланган төө, кайда жетелесе кете берет» деген логика менен эмес, так жазылган мыйзам менен иш алып барып, абийирине камчы чаппашы абзел. 

Эгер БШК "Кыргызстан" партиясын мыйзамды бузуп, элди көзгө илбей каттап салса, аягы жакшылык менен бүтпөйт. Чу дегенде эле мыйзам бузулса, эл шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейт. Мыйзамды буйлаланган төөгө айлантпай, баарына бирдей мамиле кылыш керек. Мыйзамсыз аракеттердин эртедир-кечтир сөзсүз жообу болот.

БШКнын мүчөлөрү "Кыргызстан" партиясы убагында документтерин тапшырбаганын сонун билишет. Абийирлери тазалары калса, ыйманына камчы чаппай чындыкты айтышаар. Элди көзгө илбей, каалаганыбызды жасайбыз дегендин арты жакшы болбойт. Мыйзам баарына бирдей, БШКны Канат Исаев чүлүктөп албаш керек...  Эч нерсе боло электе мыйзам бузулуп жатса, аягы жакшылык менен бүтпөйт...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter