Кыргызстанда 1120 бала коронавирус илдети менен ооруганы аныкталды
- 02.09.2020, 14:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Август айындагы статистикага ылайык, 14 жашка чейинки COVID-19 инфекциясы менен ооруган 1120 бала катталган. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Штабдын маалыматына ылайык, вирус жуктуруп алган 1120 баланын ичинен 117си бир жашка чейинки наристелер, 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки бөбөктөр, 649у 6-14 жашка чейинки балдар экени айтылды.