Ошто 3 ымыркай ВИЧ-инфекциясы менен төрөлдү
- 15.08.2020, 12:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош
облусунда жыл башынан бери 3 ымыркай
дан ВИЧ-инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Сабырбек Ташполотов билдирди.Анын айтымында Ош шаары жана Ош облусунда ВИЧке чалдыккан 3 бала төрөлгөн: Ош шаарында — 1, Кара-Сууда — 1 жана Алайда — 1. Себеби апалары кош бойлуу мезгилде өз убагында алдын алуу дарыларын ичпей калган.
Ошондой эле Республикалык СПИД борборунун расмий маалыматы
на караганда, жыл башынан бери
ВИЧ-инфекциясы Ош облусунун бардык райондорунда катталган. 2020-жылдын 1-августуна карата
облустагы ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны:
- Кара-Сууда 887;
- Ноокатта 326;
- Алайда 60;
- Өзгөндө 176;
- Араванда 51;
- Кара-Кулжада 58;
- Чоң-Алайда 6 киши.
Мындан сырткары жалпы республика боюнча 2020 жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда
ВИЧ-инфекциясын жуктурган 9 миң 535 киши каттоого алынган.
ВИЧ-инфекциясы республиканын бардык аймактарында катталган.
Эң көп катталган аймактарга Бишкек жана Ош шаар
лары, О
ш, Чүй, Жалал-Абад облустары кирет.
С.Ташполотовдун айтымында, Бишкек шаары
нда 2012, Ош шаары
нда 1174, Ош
облусунда 1564, Ч
үйдө 2819, Жалал-Абад
да 1081
Вич-инфекциясын жуктурган адам катталган. Ал эми бул илдет азыраак катталган
аймактарга Баткен
(245
адам), Ысык-
Көл (310 адам), Нарын
(189
адам) жана Талас
(141
адам) облустары кирет.