У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жуктурган беш адамдын абалы оор деп бааланууда

«11-апрелге карата стационарда дарыланып жаткандардын саны 290, анын ичинен бешөөнүн абалы оор, реанимацияда жатат. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык. Алардын ичинен 15 жашка чейинкилер 35 адам, анын ичинен экөө бир жашка чыга элек бөбөктөр. 16 жаштан 19 жашка чейинкилер 11, 20 жаштан 35ке чейинкилер 39, 36дан 55 ке чейинкилер 125, 56 жаштан улуулар 89 адам»-деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратев. 
 
Бүгүнкү күндө жалпы 23 870 адамдан анализ алынды. Анын ичинен 22 471 адамдын анализи чыкты. Ал эми вирус жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 6251 адам. Биринчи категориядагылар 1070, экинчи категориядагылар 5 181. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter