Бразилиялык аял коронавирусту 5 айдан бери алып жүргөнү аныкталды
- 02.09.2020, 14:04,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аты аталбаган аял саламаттыкты сактоо тармагында иштеген. Март айында аялдын вирус жуктуруп алганы аныкталып, үй карантинине кеткен. Бирок аялда оорунун эч кандай белгилери болгон эмес. Анын вирус жуктуруп алганы ПЦР-тест аркылуу билинген. Бир канча убакыттан кийин да кайра анализ тапшырганда кайра вирус табылган. Аялдын анализдери 5 ай дегенде гана таза чыгып, ал кайра жумушуна чыккан.
Адистер, аялдын өзүндө оорунун эч кандай белгилери жок болгону менен башкаларга жугуу коркунучу жогору экени, бул адамдын организминде вирус эң узак жашаган учур болуп катталганын айтышууда.