У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавируска анализ тапшыргысы келгендин баары эле тапшыра албайт...


Коронавируска анализ тапшыргысы келгендин баары эле тапшыра албайт. Бул тууралуу маалымат булактарынын бирине саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева билдирди. Анын айтымында ар бир каалоочуну текшерүү үчүн реагенттер да, каражат да жетпейт.  Ансыз деле министрликте жабдууларды сатып алуу, дарыгерлерге акы төлөө сыяктуу каржылык көп милдеттемелер турат. Адамга коронавирус жукканын аныктай турчу ПЦР-тестти сатып алуунун баасы 20 доллар (1500 сом) турат жана бир адамды толугу менен текшерүү үчүн эки жолу анализ алуу шарт.

"Эгер жөн гана коронавируска анализ тапшырууну кааласа, башында таза чыгат. Анда ал кубанган бойдон эртеси же эки-үч күндөн кийин тажыяга, базарга же башка жактарга барат да, мындай учурда ооруну жуктуруп албашына ким кепилдик берет? 8-10 күндөн кийин коронавирус аныкталып калса "эмнеге биринчи тапшырганда таза чыккан" деп бизге доо коюшу мүмкүн. Мындан сырткары ар бир каалоочуну эле текшере берсек бизде реагенттер да, каражат да жетпей калат. Ансыз деле министрликте жабдууларды сатып алуу, дарыгерлерге акы төлөө сыяктуу толгон-токой каржылык милдеттемелер турат", — деди адис.

Ошондой эле ал кимден ПЦР-тест алуу керектигин медиктер аныкташат деп кошумчалады. Эгер оорунун негиздүү бир белгилери байкалса гана текшерүүгө жиберилет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter