Кечээ майрамдан соң "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарылды
- 01.09.2020, 15:05,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 31-август Эгемендүүлүк майрамынан кийин Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Быйыл коронавирус инфекциясынан улам массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жок. Ошого карабастан, шаар тургундары майрамдык салют көргөнү келишти.
"
Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң аткандан түнгө чейин иштеп, жыйынтыгында "Ала-Тоо" борбордук аянтынан эки тонна таштанды чыгарышты. Таштанды чыгарууга "Тазалыктын" 24 кызматкери жана үч бирдик атайын техника тартылды", - деп жазылат маалыматта.