У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Быйыл Нооруз майрамы белгиленбейт



Быйыл Кыргызстандын борбордук шаарларында жана аймактарда Нооруз майрамы белгиленбейт. Бул тууралуу  Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында коркунучтуу вируска байланыштуу дүйнөдөгү курч  кырдаалдан улам
Кыргызстандын аймагы боюнча жакынкы мезгилдерде өтө турган эл чогулган, массалык иш-чаралар токтотулду. Алардын арасында Нооруз майрамы да бар. 

21-мартта эл көчөгө, борбордук аянттарга чыгып сейилдебейт жана майрамдык концерттер өтпөйт. Буга чейин коронавирустан улам Нооруздагы көк бөрү турнири өтпөй турган болгон. Ошондой эле маданий-массалык иш-чаралар токтотулуп, пландалган концерттер токтотулаган. Бир аз мурдараак өкмөттөн Кыргызстандын аймагы боюнча жакынкы арага белгиленген эл катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын билдиришкен.


Коронавирус учурда дүйнөнүн көп  өлкөлөрүндө катталды. Кыргызстанда адамдардын вирусту жуктуруп алган учуру каттала элек. Бирок коңшу мамлекеттерде элдин үрөйү учуп, азык-түлүк, беткаптар менен камданып жатышкан учуру. Маалым болгондой, Тажикстан жана Өзбекстанда азык-түлүк саткан дүкөндөр ээн калып жатат...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter