31-августта жарандар «Ала-Тоо» аянтына киргизилбейт
- 28.08.2020, 14:57,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу 31-августта Эгемендик майрамына карата «Ала-Тоо» аянтында өтүүчү иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда онлайн өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Эгемендик майрамында аянтка жарандар киргизилбейт. Ал эми майрамдык иш-чаралар мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.
Майрамдык салтанат күндүз саат 10:00дө башталып, 11:00гө чейин расмий бөлүгү болот. Иш-чара түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.