Муфтият мечиттердеги жаӊы эрежелерди жарыялады…
- 26.08.2020, 15:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мечиттерде жума намазынын окулушуна уруксат берилди. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттердеги жаңы эрежелер тууралуу маалыматты жарыялады жана жарандарды талаптарды так сактоого чакырды.
Талаптар:
-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.
-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл.
-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.
-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.
-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.
-Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.
-Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.
-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.