У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


А. Кутманова, инфекционист: «Оорунун алгачкы белгилеринде дары-дармек ичпегиле»

Коронавирус илдетинин белгилери байкалган алгачкы беш күндө дары-дармек ичүү жана дене табын түшүрө турган дарыларды колдонууну сунушталбайт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы инфекционисти Айнура Кутманова билдирди.
 
"Адам ооруп баштаганда оорунун белгилери пайда болот: дене табынын 38 градуска чейин көтөрүлүшү, тамак оору, жөтөл жана алсыздык. Мына ушул учурда жарандар активдүү дарыланып башташат. Бул өтө кооптуу. Алгачкы күндөрү организм өзү вирус менен күрөшөт, ошол учурда дене табы көтөрүлөт. Алгачкы 5 күндө өз алдында дарылануудан, дене табын түшүрүүчү дарыларды ичүүдөн алыс болууга чакырабыз.  Ал эми дене табы 38,5 градустан ашкан учурда парацетамол же ибупрофен сыяктуу дене табын түшүрүүчү дарыларды колдонсо болот", — деди Кутманова.
 
Ошондой эле инфекционист вируска каршы дарыларды ичпөөгө чакырып, алардын эффективдүүлүгү бир дагы өлкөдө далилденбегенин эскертти.
 
"Оорунун алгачкы белгилеринде суюктукту көп ичип, кыймылда болуу керек.  Дексаметазон сыяктуу гормоналдык дарыларды, антибиотиктерди ичүүгө болбойт. Булар иммунитетти түшүрүп, оорунун башка органдарга жайылып кетүүсүнө шарт түзүшү мүмкүн", — деди адис.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter