24-майда айт намазы аянтта, мечиттерде окулбайт
- 21.05.2020, 12:43,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
«Урматтуу момун мусулман бир туугандар, мекендештер! Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 24-майындагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз»-деп мусулмандар дин башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, 24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.
⠀