У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте кармалган журналист Бободур Абдуллаев Өзбекстан тарапка өткөрүлүп берилди


Бишкекте кармалган журналист Бободур Абдуллаев Өзбекстан тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин коңшу Өзбекстандын тийиштүү органдары Бободур Абдуллаевди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы оор кылмыш жасаган деп айыптап, издөөдө жүргөн шектүүнү өткөрүп берүү боюнча КРге кайрылган.
 
"Кыргызстандын мыйзамдарын жана өлкө аралык макулдашууларды сактап, 22-август күнү Абдуллаев өзбек тарапка берилди. Аны кабыл алып жаткан мамлекеттин укук коргоо органдары ал адвокат менен камсыз болуп, ага карата кыйноолор колдонулбай жана зарыл болсо медициналык жардам көрсөтүлө тургандыгына кепилдик берди", — деп жазылат маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter