У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мирзат Муканов: "Элмирбек Иманалиевдин атын өз кызыкчылыгына пайдаланып калууну көздөгөн «достор», «сырдаштары» жайнап чыга келди"

Эл акыны Элмирбек Иманалиев дүйнө салганы  эрте кеткен акынын жоктоп, шум ажалды жектеп, кимди күнөөлөрүн билбей буулугуп турган чагы. Балким ичи ачышкандан улам айтылган кептир, балким канча бир пайыз чыныдыгы бардыр, айтор "Элмирбекке дарыгерлер убагында жардам көрсөткөндө аман калмак беле, алгачкы жардам кеч берилген" деген маалымат тарап, эл уу-дуу болуп турган учур. Элдин мындай  толкундоосуна күйөө баласы Мирзат Муканов жооп берди. 


"Тилди тишке катып, унчукпай отуруу болбойт экен. Ар ким ар нерсени айтып жатат. «Атаңды тез жардам менен ооруканага алып кетти»- дегенден тарта түбѳлүк жайына жайгашуусуна чейин жанында жүргѳн адам катары, күйѳѳ баласы катары менин деле пикир айтууга акым бардыр?.. Дегеним, «антпей коюшуптур, минтип коюшуптур» деген сыяктуу кептер эч нерсеге татыбайт! Түшүнүктүү, "Кулак укса курсак кайнайт" болуп жатышы мүмкүн. Бирок, ошол сыяктуу сөздөр бир тыйынчалык пайда алып келээрине кыпындай эле ишеним болсо, үч уктаса түшкө кирбеген чоң жоопкерчиликти моюнума алып, сөөктү үйгө алып кетүүгө өз колум менен арыз жазып бербес элем.

Албетте, ал иштин бардыгы атамдын БИР ТУУГАНДАРЫ, ЖАКЫНДАРЫ менен кеңешилип, макулдашылып ишке ашты. Биздин өтүнүч, эми өйдө-төмөн сөздөрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу! Чын эле атам үчүн күйүп-бышкандар – багыштап куран окуйлу. Куттуу ай келип олтурат. Ошол учурда өтүп кеткен киши тууралуу ар кандай кептер айтылышы орундуу болбостур. Ѳзүн ЖМК санагандар ал маалыматтарды таратуу менен абийир таппастыр.

Талаш жок, жакын санаалаштары аз эмес эле. Атамды урматтаган адамдары көп болгон үчүн, аза күткөн жакындарына куурай башын сындыртпай, зыйнатын уюштуруп беришти. Тыюуга карабай, жанын оозуна тиштеп, топурак салууга келгендер көп болду, жалпы журту түп көтөрүлө аза күттү. Бирок, биздин баамыбызда, Элмирбек Иманалиевдин атын өз кызыкчылыгына пайдаланып калууну көздөгөн «достор», «сырдаштары» жайнап чыга келди. Аларга атамдын эки сап ыры менен гана жооп берүү орундуу деп эсептейм:
Ѳлүмдөн да бакыт издешет,
Ѳлгүр, «өкүмат» болуп көнгөндөр" дейт Муканов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter