У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эрмек Омошев: "Талаш болуп жаткан жер илгертеден такталган Өзбекстандын аймагы"


(Сүрөт "Ала-тоо 24" каналынын архивинен алынды)

Кечээ, 26-майда интернет желелерине "Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз өлкөсүнө тиешелүү 150 гектар жерге казык кагып, өз алдынча басып алды" деген маалымат менен видео тараган. Аталган видео боюнча Сузак районунун акими Эрмек Омошев үн катты. Анын айтымында аталган жер илгертен эле өзбек тараптын жери болуп келген. 

"Биздин райондун аймагындагы жердин 68 чакырымдай бөлүгү Өзбекстан менен чектешет. Азыркы тапта Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда чечилбеген талаш жерибиз жок. Бардык чекиттер коюлуп, мамлекеттик деңгээлде чек ара аймактары макулдашылып, чечилген. Интернетке тараган видеодогу жер тилкеси боюнча айтсак жер участогу Көк-Арт дарыясынын боюндагы Кара-Дарыя айылынын эң ылдыйкы этегинде жайгашкан. Көк-Арт дарыясы аркылуу өтүүчү суунун көлөмүнө жараша бул жерди жылына суу жеп кетип турат. Акыркы жылдары сайдагы дарыянын суусу кескин азайды. Мурун суу 300 кубга чейин акса, азыркы тапта суунун көлөмү 150 кубга да жетпей калып жатат. Ошондуктан сайдын нугу Өзбекстан тарапка өтүп, дыйкандар эгин эгип жаткан жер сайдын берки бети болгон. Ошол жерде бир топ жылдан бери Кыргыз жарандары дыйканчылык кылып келет. Бирок алардын колдорунда жер аларга тиешелүү экенин укуктук жактан күбөлөндүрүүчү бир да документ жок. Аталган жер тилкеси чынында биздин элге тиешелүү үлүш жер эмес. Ал илгертеден такталган Өзбекстандын аймагы", - дейт райондун акими.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter