У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


100 таңгак гепаринди үйүнө катып алып, кымбат сатып жаткандар колго түштү


Бишкекте коронавирусту жеңүүдө колдонулуп, учурда колго тийбей, баасы асман чапчып жаткан гепарин дарысын кымбат баада сатып жаткандар кармалды. Алар үйүндө 100 таңгак дарыны 70 миң сомго сатып жатканда колго түшүрүлгөн.
 
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады. 1955 ыкчам байланыш номерине кайрылуу түшүп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 211-беренеси ("Мыйзам ишкердик жана банк ишмердүүлүгү") менен катталгандыгын айтышты финполчулар. Тергөө учурунда тиешелүү документтери жок препараттарды кымбат баада сатып жаткандар аныкталган.

"Атайын адамдар текшерүү үчүн калаанын Арча-Бешик конушунан 100 таңгак гепаринди (ар биринде бештен ампула) 700 сомдон сатып алганМунун жалпы суммасы 70 миң сомду түздүАлар мындай иш менен өз үйүндө алектенип келишкен
Тинтүү учурунда алып сатарлардын үйүнөн дагы ушундай дарылар чыккан",  деп айтылат маалыматта.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter