У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте эрежени сактабай, тобокелдикке салып иштеп жаткан кафе-ресторандар аныкталды


Бишкекте санитардык талаптарды бузуп, кечки саат 22:00дөн кийин иштеген 20дан ашык кафе-ресторандар, клубдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-17-августта Борбор шаарда коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык кафе-ресторан менен клубга акт жазылып, протокол түзүлдү.

Финансы полициясы тамактануу, көңүл ачуу жайларында эл топтолгон учурларды көргөндөрдү 1955, 0312 54-39-80, 0312 54-17-12 телефондоруна кабарлап коюуга чакырат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter