«Семетей» (Ганси) обсервациясындагы акыркы бейтап үйүнө чыгып, оорукана жабылды
- 14.08.2020, 10:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Семетей» (Ганси) обсервациясы коронавирустан дарыланып жаткан акыркы бейтаптар айыгып чыккандан кийин жабылды. 8 бейтап үйүнө узатылганын республикалык ыкчам штаб билдирди.
Госпиталь жалпы 47 күн кызмат көрсөтүп, 1,5 миңден ашык бейтап дарыланып чыккан. Алардын арасынан 300 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланды.