У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гансидеги алгачкы жаткырылган бейтаптардын баары айыгып чыкты


«Ганси» авиабазасындагы «Семетей» госпиталына кабыл алынган алгачкы бейтаптардын баары айыгып чыкты. Бул тууралуу «Семетей» госпиталында ачылган 50 орундуу реанимациялык блокту жетектеп жаткан реаниматолог Жамиля Чынгышова билдирди. 
 
 «Семетей» госпиталына кабыл алынган алгачкы бейтаптардын баарын дарылап, үйүнө чыгардык. Госпиталда ачылган реанимациялык бөлүмгө жаткырылган абдан оор абалда алгачкы бейтаптар да дарыланып, айыгып чыгышты. Биз эми республиканын бардык аймактарынан өтө оор абалдагы бейтаптарды кабыл алууга уруксат бердик. Учурда ал жердеги реанимацияда аймактардан келген оор абалдагы бейтаптар дарыланып жатышат. Азыр Ысык-Көл облусунда абал оор болуп жатканына байланыштуу алты дарыгер менен бул жакка келдик. Учурда облустун аймагындагы бейтаптарды дарылоодобуз. Кудай буюрса, ооругандар айыгып, биз ооруну жеӊебиз деп ишенем»-деди Чынгышова.     


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter